16.05.2018 13:02

Токмоктогу  №2 психоневрологиялык мекеменин жашоочулары үчүн ашкана курулуп башталды

Токмоктогу  №2 психоневрологиялык мекеменин жашоочулары үчүн ашкана курулуп башталды

Токмоктогу  №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеменин жашоочулары үчүн ашкана курулуп башталды. Бүгүн  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Таалайгүл Исакунова  жерине барып, пайдубалын түптөөгө катышты, деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.

Токмоктогу психоневрологиялык  мекемеде үзгүлтүксүз медициналык кароого, камкордукка  муктаж  майып-бейтаптар жашап келет. Мекеме директору Бурул Туманованын айтымында,  социалдык стационардык мекеменин дубалдары абдан эски. 190 адамга эсептелген корпустун салынганына 85 жыл болду.

"Иштеп баштагандар бери бул жакта өзүнчө ашкана, мончо болгон эмес. Биздин социалдык кызмат алуучуларыбызга телевизор турган бөлмөдө тамактанууга туура келет, жайкысын ачык асман алдында тамактанышат. Демөөрчүлөрдүн жардамы менен жайкы бастырма куруп алдык. Азыр мончо салып жатабыз. Жардамды Түштүк Кореялык демөөрчү көрсөтүүдө", -дейт Туманова.

"Ошондой эле, «Жароокер» коомдук фонду ашкана курууга көмөктөшүүдө. Япон өкмөтү  70 миң доллар өлчөмүндөгү грантка кол койду. Бул каражатка биз кийим кургатуучу жабдык, стол, стул сатып алабыз. Бардык корпуска жаңы линолеум менен килемдерди төшөйбүз. Ошондой эле, мекеменин аймагына брусчатка коюуну пландаштырып жатабыз», - деп кошумчалады мекеме директору.

Учурда Токмоктогу  психоневрологиялык  мекемеде мүмкүнчүлүгүнөн чектелген 199 адам жашайт.  Алардын 112си 1-топтогу майыптар, 87си 2-топтогу майыптар, 65 адам төшөктө жаткандар.